Menu

“Кыргызстан” фракциясы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо жөнүндө чечим кабыл алды

Бөлүшүү:

14-сентябрда “Кыргызстан” парламенттик фракциясы кезексиз жыйын өткөрдү. Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо жөнүндө чечим кабыл алышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө фракция чечиминин текстин келтиребиз:

“Кыргызстан” парламенттик фракциясы кезексиз жыйынында мамлекетибиздин акыркы жылдардагы жетишкендиктерин бекемдөө, бүтүндүгүн сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна ат салышкан он үч талапкердин эмгек жолун карап чыгып, турмуштук бай тажырыйбасын, жөнөкөйлүк менен адамгерчилик сапатын жана элдин кызыкчылыгы үчүн калыстык менен жасаган иш-аракетин эске алып, Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоону чечти”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: