Menu

Республикалык штаб: Медициналык адистерди COVID-19 дартын дарылоого окутууга өзгөчө көңүл бурулууда

Бөлүшүү:

Медициналык адистерди COVID-19 дартынын алдын алуу, аны дарылоо жана реабилитациялоого тийиштүү окутууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Жалпысынан тийиштүү курстардан 19 миңден ашуун медициналык кызматкер өткөн. Алардын арасында: вирусологдор, инфекционисттер, реаниматологдор, терапевттер, пульмонологдор, лабораториялык жана башка адистер бар.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов медиктерди окутуу жана кайрадан даярдоо процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өлкөнүн аймактарында врачтарды кайрадан даярдоо ишин күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген протоколдоруна ылайык, ооруну дарылоо ыкмасы ар бир дарыгер, өзгөчө республиканын алыскы райондорундагы дарыгерлер үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуусу керек. Акыркы, төртүнчү дарылоо протоколу өзүнө реабилитациялоо чараларын да камтыйт. Коронавирустан жабыркаган калкты реабилитациялоо маселесине чоң көңүл буруу зарыл», – деди ал жана адистерди сапаттуу окутуудан өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле медкызматкерлерди жана коронавирустук инфекцияга чалдыккан жактарды жана кызматтык милдетин аткарууда каза тапкан медициналык кызматкерлердин үй-бүлөсүн бардык тийиштүү төлөмдөр жана компенсациялар менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, ал тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: