Ош облусунун Алай районундагы дарыядан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, 12 күндөн бери изделип жаткан Ош шаарынын 62 жаштагы тургунунун денеси табылган.
Эрте мененки саат 08:08де Гүлчө дарыясынан жансыз денени таап алган жергиликтүү тургундар куткаруучуларды чакырышкан. ӨКМдин кызматкерлери дарыядан сөөктү чыгарып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ