Menu

БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады

Бөлүшүү:

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан көрсөтүлгөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо чечимин кабыл алды. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, КР БШК 2020-жылдын 3-сентябрында  “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө” №121-чечимин кабыл алган.

2020-жылдын 9-сентябрындагы Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен, КР БШК 2020-жылдын 3-сентябрында  “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө” №121-чечими мыйзамсыз деп таанылып ал жокко чыгарылган.

Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 60-61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 3-7-18-беренелерине таянып жана 2020-жылдын 9-сентябрындагы Бишкектин Административдик сотунун чечимин жетекчиликке алуу менен, КР БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы тарабынан көрсөтүлгөн тизмесин каттоо чечимин кабыл алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: