Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча сот жараяны кийинкиге калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга ылайык, отурумда УКМКнын “Альфа” атайын түзүмүнүн аскерлери суралды. Алар “Р.Русланов” жана “С.Султанов” деген каймана аттар менен көрсөтмө беришти.
Жумуш убактысы бүткөндүктөн, процесс 16-сентябрга жылдырылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын 18 тарапташы айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айыпталууда. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан, алардын иши өзүнчө каралып, өздөрү үй камагына коё берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ