Араван районунда үгүт учурунда мушташ боюнча кылмыш ишинин алкагында 13 адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз казматы билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, кармалгандардын 9у жаңжалдын курмандыгы болгон. Алар мушташка шектүү катары өтүп жатышат.
Төрт жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ооруканада жаткан 9 адам укук коргоо органдырынын көзөмөлүндө турпт. Дагы экөө изделүүдө.
Массалык мушташ фактысы боюнча тергөө иш-чаралары уланууда, окуянын катышуучулары жана күбөлөрү арасында сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 30дан ашык адам суралды.
Белгилей кетсек, Араван районунда үгүт учурунда мушташ болуп, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында ондон ашык адам жабыркаган. Мындан улам Араван РИИБнин жетекчиси кызматтан алынган жана окуядан кийин аймакка кошумча күч тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ