Menu

Элчи Эрлан Абдылдаев Германиядагы диаспоралардын активисттери жана лидерлери менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Гессен жана Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жерлеринде жашаган кыргыз диаспорасынын активисттери менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларга ошондой эле “BIZ” жана “Kyrgyz Club Germany” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандыктар менен конструктивдүү маек болуп, анын жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев Элчи катары биринчи жолугушуусу мекендештер менен болгонун, ошондой эле ар кандай форматтагы ушундай жолугушуулар Германиянын башка федеративдик жерлеринде туруктуу негизде өткөрүлө тургандыгын баса белгиледи, анын ичинде коомдук бирикмелерди түзүү жана Кыргызстанга жардам жана колдоо көрсөтүү жолдору.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боло тургандыгын, ал эми өлкөдөн тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоосу жана биометрикасы болгон учурда гана, шайлоо укугунан ишке ашыруу мүмкүн экендигин Элчи маалымдады.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Германиянын жарандары – Кыргыз Республикасынын мурунку жарандары чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин – “Мекен-Карт” макамды жөнгө салуучу Мыйзамдын кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу механизмин иштеп чыгууда. Жолугушуунун катышуучулары ушул категориядагы жарандар үчүн мыйзамдык ченемдердин киргизилишине оң баа беришти.

Жолугушуунун катышуучуларына консулдук кызматтарды баскычы менен электрондук форматка өткөрүү жөнүндө маалыматтар берилди, бул документтерди кабыл алуу жана кароо жол-жобосун бир топ жөнөкөйлөтөт.

Эрлан Абдылдаев мекендештерге 2020-жылдын жылдын жазында жана жайында коронаврус кризистин курчушу учурунда Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: “БИЗ” Гессен Федералдык жеринеги кыргызстандыктардын коомдук уюму (Bildung, Initiative, Zusammenarbeit – Билим берүү, Демилге, Кызматташуу), “БИЗ” деген сөз менен үндөш,
2020-жылдын жаз айларында аз камсыз болгон адамдарга жардам берүү үчүн акча чогултуу кампаниясын өткөрдү, Кыргыз Республикасындагы коомдук уюмдардын бири аркылуу болжол менен 2 миң евро өлчөмүндө
азык-түлүк таркатуу түрүндө, 2020-жылдын июль айында, ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы коомдук уюм аркылуу, Кыргызстандын медициналык мекемелерине 7 миң евродон ашык суммадагы жардам көрсөтүлдү.

“Kyrgyz Club Germany” диаспоралдык коомдук бирикмеси
2010-жылы негизделген жана эң ири диалог аянтчасы болуп саналат. Анын катышуучуларынын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү жашоо шарттарына ылайыкташууда бири-бирине жардам беришет, билим берүү, медицина, эмгек жана башка көптөгөн маселелер боюнча кеңеш беришет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: