Menu

Араванда катталган массалык мушташ: Тараптар бири-биринен кечирим сурашты

Бөлүшүү:

Араванда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катышуусунда болгон массалык мушташтан кийин тараптар бири-биринен кечирим сурап, бардык айыптоолорду алып салышты. Бул тууралуу журналисттерге Араван районунун акими Курманбек Айтибаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 22-сентябрда ал дагы бир жолу жаңжал чыккан жерге барып, бардыгы менен жолугушту. Тактап айтканда, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Илхам Маннановдун жана жергиликтүү тургун Файзуллаевдин туугандары менен түшүндүрүү маектерин жүргүздү. Тараптар эки үй-бүлөнүн тең чыр-чатакка муктаж эместигине макул болушту.

“Бүгүн, 23-сентябрда, таң эрте Маннанов менен Файзуллаев мага келишти, алар менин көз алдымда бири-биринен кечирим сурады, алар эч ким уруш-талашты каалабай тургандыгын баса белгилешти. Өлкөдө өнүгүү жана тынчтык өкүм сүрүшү керек. Анын үстүнө, алардын бири дагы мушташка катышкан жаш балдардын түрмөгө отурушунун же ушуга окшогон нерселердин кереги жок”, – деди Айтибаев.

Белгилей кетсек, Араван районунда үгүт учурунда мушташ болуп, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында райондун 12 тургуну жабыркаган. Мындан улам Араван РИИБнин жетекчиси кызматтан алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: