Бүгүн, 27-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 161 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек – 29; Ош – 13; Чүй облусу – 9; Ош облусу – 33; Талас облусу – 1; Нарын облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 6; Жалал-Абад облусу – 23; Баткен облусу – 45.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 46 251 адамга жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 151 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 42 453ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек – 38; Чүй облусу – 17; Ош облусу – 32; Талас облусу – 4; Ысык-Көл облусу – 10; Жалал-Абад облусу – 19; Баткен облусу – 18; Ош шаары – 13.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ