Бүгүн, 2-октябрга карата Кыргызстанда дагы 215 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 17, Ош шаарынан – 19, Чүй облусунан – 23, Ош облусунан – 41, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 40, Баткен облусунан – 63, Нарын облусунан – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 46 841ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 154 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 43 137ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 6 адам; Чүй облусунан – 5, Ош шаарынан – 34, Ош облусунан – 47, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 19, Ысык-Көл облусунан – 12, Баткен облусунан – 27.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин жалпысынан 1065 адам илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ