“Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков (тизмеде No2) Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районунун шайлоо участогунда добуш берди.
«Бул күн абдан маанилүү. Шайлоолор таза өтөт деп ишенем. Алар динамикалык өнүгүү үчүн чоң өзгөрүүлөрдүн башаты болот деп ишенем. Мен буга добуш бердим», – деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышууда.
№ 1 “Биримдик”.
№ 2 “Мекенчил”.
№3 “Ыйман Нуру”.
No4 “Мекеним Кыргызстан”.
No5 “Реформа”.
№ 6 “Ата Мекен”.
No7 “Замандаш”.
No8 “Бүтүн Кыргызстан”.
No9 “Социал-демократтар”.
№ 10 “Мекен Ынтымагы”.
№11 Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы.
№ 12 “Ордо”.
№ 13 “Бир Бол”.
№ 14 “Республика”.
No15 “Кыргызстан”.
№16 “Чоң Казат”.
№17 Баарына каршы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ