Menu

Данияр Абдыкаров, ИИМдин орун басары: “Улан Саляновдун өлүмү боюнча толук маалымат айтуу мүмкүн эмес”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун атылып өлтүрүлүшү боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери тууралуу маалымат угулду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкаров маалымат берди. Ал иликтөө ишинин кызыкчылыгына ылайык толук маалымат айтуу мүмкүн эмес экендигин белгилеп, изилдөөнүн учурдагы жүрүшү тууралуу учкай кеп кылды. Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, кылмыш болгон жерден бир ок, эки гильза алынган.

Суроо-жооп маалында депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев бул ишти тыкыр иликтеп, кылмыш ишин саясий өңүттө же каракчылык мүнөздө болгонун так аныктоо зарылчылыгын билдиришти. Алардын пикиринде, жеринде ок, гильза табылып, күбөлөр болуп жаткандыктан бул иштин бетин ачуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ал эми депутат Аида Салянова Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн бул кылмыш ишинде эч кандай саясый мүнөз жок деген билдирүүсү негизсиз, эмнегедир шашылыш болгондугун билдирди. Ошону менен катар кылмыш ишинин айрым жагдайларына токтолуп, Ички иштер министрлигине кылмышкерлерди табуу талабын койду.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкекте депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: