Menu

Рустам Маманов түрмөдө “Уважаемый Рустам” деген ат менен авторитет болуптур

Бөлүшүү:

Адилетсиз жагдайда колуна кишен салынган Рустам Маманов өнөр адамдары менен калктын аялуу катмарына, жардамга чындап муктаждарга каралашып, бул жагынан жөнөкөй элдин сүймөнчүгүнө арзыган. Табиятынан шар жүргөн каарманыбыз көптөрдүн ажатын ачаар эле. Ошондуктанбы, Кудай ага ырыскыны мол берип, өлкөбүздүн алдыңкы байларынын катарында турган. Дээрлик жарым жылдан бери УКМКнын жертөлөсүндө отурган Рустам Маманов башта жабык жайдын шарттарына анчейин көнбөй, чочуркап жүрсө, учурда түрмөнүн түйшүгүнө сынбай, маңдайга жазылган сыноону эр жигиттик духу менен өтөп жатканы маалым болду. Баарынан да жаза өтөп жаткандар Мамановго «Уважаемый Рустам» деп сый мамиле көрсөтүшкөнү, каарманыбыз табият тартуулаган жигитчилик жүрүш-турушу менен ал жактан да авторитетке айланганы эмнени билдирет? Кечээ Маманов эркиндикте «күүлдөп» жүргөндө аны чарк айлана бутуна чалынып, акчасына кызыгып жүргөндөр бүгүн абалын сураганга жарашты болду бекен? Баарынан да жаштайынан чогуу жүрүп, кийин ар бирин телчиктиргенге үлкөн салымын кошкон Алтынбек, Азиз, Мантай, Нурлан, Эркин өңдүү достору кыйчалыш кезде Мамановго кол сунуп, жардам бергенге жараштыбы? Бул күндөр да өтөт. Азырынча экс-депутат, белгилүү меценаттын башына иш түшкөндө «ойт бере» качкандар эртеңки күнү эл уулунун жүзүн кантип карашат? Биз кыргыздын кыраанына бекем эрк каалайбыз! Буюрса, эртели-кеч сөзсүз жакшы күндөрдө жумуштарыбызга ишенебиз.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: