Добуш берүү саат 20:00дө аяктап, саат 22:00гө чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, добуш берүү процесси саат 8:00дө башталды. Кыргызстанда 2475 шайлоо участкалары ачылды, анын 45и чет өлкөлөрдө.
Кыргызстанда 3 миллион 523 миң 554 шайлоочу катталса, дагы 32 миң 602 шайлоочу чет өлкөлөрдө.
«Шайлоочулардын арасында 47 пайызын эркектер, 52 пайызын аялдар түзөт. Ал эми 30 жашка чейин жаш шайлоочулар 29 пайыз», – деди Нуржан Шайлдабекова.
Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ