Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-австрия кызматташтыгынын азыркы абалы жана мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президентинин расмий визити өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн тереңдетет.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажырыйба алмашууга кызыкдар.

Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи.

Ал баса белгилегендей, Австрия тарап Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы парламенттик өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Инго Аппе ошондой эле өлкөдө парламенттик демократияны куруу жана өнүктүрүү боюнча тажырыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: