“Максим Бакиев өзүнө татыктуу жазасын алат. Бул ишке тиешелүү бардык сырларды азыр ачалбайм”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында. Журналисттердин бири качкын президент Курманбек Бакиевдин уулуна байланышкан сот процесстери тууралу берген суроосуна жооп берип жатып.
“Бирок биз кичинекей, бул маселени чечүүчү айланы таптык. Мен ойлойм, ал Англияда болсо да өзүнө татыктуу жазасын алат. Кандай экенин мен ачыктай албайм, бул мамлекеттик сыр. Бирок бизде бир мүмкүнчүлүк пайда болду, биз аны коё бербейбиз. Мен үчүн дагы ал адамдын жазалануусу бул өтө маанилүү”, – деди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ