Menu

Москвада 22 жаштагы тажик мигрантын терезеден түртүп жиберишкен

Бөлүшүү:

Акбаржон Холиков

1-апрелде Орусиянын борборунда мамлекттик «Жилищник» мекемесинин башчысынын орун басары 22 жаштагы тажикстандык мигрантты экинчи кабаттын терезесинен түртүп жиберүүгө шектелүүдө.

Окуя Москванын түндүгүндөгү Коптево районунда болгон. Тажикстандык мигрант жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. Короо шыпыруучу болуп иштеген Акбаржон Холиков мамлекеттик «Жилищник» жатаканасында жашачу.

Акбаржон Холиковдун маселесин тажик укук коргоочулары Иззат Амон менен Бахтовар Жумазода карап жатат. Жумазоданын айтымында, мамлекеттик «Жилищник» мекемесинин орун басары Андрей Третьяков Холиковдун түштө жатакананын ичинде намаз окуп жатканына жини келип, акарат келтирген.

“Акборжонго атырылып, башын бир нече жолу дубалга урган, андан соң терезеден түртүп жиберген”, – деди укук коргоочу.

Андрей Третьяков кармалды, ушул тапта «Коптево» тергөө абагында отурат. Ал айыптоолорду четке кагып, мигрант жатакананын экинчи кабатынын терезесинен өзү секирип кеткенин айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: