Menu

Казакстанда балдарын сабаган адамга кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Казакстандын Түркстан облусунда балдарын сабап жаткан адамдын видеосу боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу облустук полиция департаменти билдирди.

«Кылмыш иши «Уруп согуу» беренеси боюнча катталды. Күнөөлүү адам мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Мындан тышкары райондук полициянын участкалык инспекторуна карата кызматтык териштирүү башталды», — деп жазылган мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Жекшемби күнү журналист Жазира Бегалы социалдык түйүндөрдөгү баракчасына балдарын бетке жана башка чаап, сабап жаткан адамдын видеолорун жарыялаган. Анын айтымында, балдардын апасы да күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, балдары менен төркүнүнө качып кеткен.

Социалдык түйүн колдонуучуларынын көбү үй-бүлөсүнө кол көтөргөн кишини жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Августта өлкөнүн Ички иштер министрлиги жыл башынан бери Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам 33 киши каза болгонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, карантин маалында өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук 41,7% көбөйгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: