Бүгүн, 5-октябрда, Бишкекте, Ала-Тоо аянтында, “Социал-демократтар” партиясынын өкүлдөрүнүн митинги өтөт. Бул жерге ондогон адамдар чогулган. Алар шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, мөөнөтсүз митинг жарыялашты.
Ирина Карамушкина элдерди коркутуп-үркүтүү болгонун белгиледи.
“Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди сөзсүз сүйрөйт деп түшүнөм. “Социал-демократтар” партиясы шайлоону мыйзамдуу деп тааныбайт. Социалдык тармактарда мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөр толтура. No2 форма менен кандай башаламандык болду. Массалык түрдө бурмалоолор болгон. Бул БШКнын бардык мүчөлөрүнө расмий билдирүү. Алар сыртка чыгып, болгон окуяны жарыялоого милдеттүү” -деди ал.
Аянтка “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү да келишти. Тактап айтканда, Мелис Аспеков жеңишти алардан тартып алышканын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ