Menu

Апрель революциясынын баатырлары партияларды татыктуу утулууга чакырышты

Бөлүшүү:

Апрель революциясынын баатырлары кечээки, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан жана жетиштүү добуш ала албай калган партияларга кайрылышты. Алар жеңилген тараптарды жеңилүүнү татыктуу кабыл алууга чакырышты.

“2010-жылы Бакиевдин кандуу режимине каршы күрөштүн натыйжасында биз куралдаш жолдошторубузду, уулдарыбызды жана аталарыбызды, бир туугандарыбызды, күйөөлөрүбүздү жоготуп, октон жаракат алып, өмүр бою майып болуп калдык.

2010-жылдагы эбегейсиз адамдык, экономикалык, моралдык жана психикалык жоготууларга карабастан, кайсы партия жеңип, парламенттен эң көп орун алгандыгы баарыбыздын эсибизде. Бул бакиевчил “Ата Журт” партиясы болчу. Ооба, биз катуу жабыркадык, бирок биз бул шайлоону тааныдык, анткени бул элдин эрки болчу. Биз өлкөгө тынчтык жана бейпилдик, туруктуулук жана тартип керек экендигин түшүнгөндүктөн, нааразычылык акцияларын уюштурган жокпуз жана шайлоонун жыйынтыгына шек келтирген жокпуз. Татыктуу жеңилүүнү билиш керек!

Биздин өлкө көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, көптөгөн уулдарынан айрылды. Коронавирус пандемиясынан кийин экономикалык жана моралдык жактан алсыраган Кыргызстанды кыйнаганды токтотуу керек. Коомдогу саясий туруктуулук жана ынтымак, өлкөнүн кызыкчылыгы баарынан жогору турушу керек.

Эгерде биз утулган тараптар 2002-жылдагы Аксы окуялары жана 2010-жылдагы Апрель окуялары учурунда курман болгондордун мемориалынын жанындагы жерге келишсе, анда биз дагы чыгып, утулуп калган партиялардын дымактуу пландарын ишке ашыруу үчүн апрель революциясынын баатырларына арналган ыйык жердин колдонулушуна жол бербейбиз. Биз үчүн эң негизгиси – Кыргызстандагы бейпилдик” – деп айтылат билдирүүдө.

Документке “Мекен шейиттери”, “Айкөл таза коом”, “Апрель баатырлары”, “Аксы Апрель акыйкаты”, “Апрель байрагы”, “Айкөл улуу элим”, “Айкөл Ала-Тоо” бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: