Бүгүн, 6-октябрда саат 14:00до Социал-демократтар жана КСДП саясий партияларынын мүчөлөрү, абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери, экс-премьер-министр Сапар Исаков, жана башка саясий туткундар Форум имаратына келишет.
Партиянын штабынан кабарлашкандай, жыйында Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо үчүн көрүлө турган кечиктирилгис чаралар талкууланат.
Ошондой эле Социал-демократтар жана КСДП партияларынын мындан аркы пландары талкууланат.
Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда күндүз ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кечинде митингчилер менен күч кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш агызуучу газ, суу, кулакты тундуруучу каражаттар колдонуп митингчилерди аянттан сүрүп чыгаруу аракети болду. Бирок, буга карабастан митингчилер Ак үйдү басып алып, 7-кабатка чейин кирип барышты.
Андан кийин митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ