КР Өкмөтү өзгөчө режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саясий процесстин бардык катышуучуларын маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат.
Элдерибиздин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилиши керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ