Menu

Балбак Түлөбаев: “Мен жаңы өкмөт дайындалып, облуска ыйгарым укуктуу жаңы өкүл келгиче кызматымды аткарам”

Бөлүшүү:

Буга чейин Ысык-Көл облусунун башчылык кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган Балбак Түлөбаев жаңы өкмөт түзүлгүчө облусту башкарат. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-октябрда түз эфирде айтты.

“Эки күндөн бери өкмөт мүчөлөрүн таппай жатам. Премьер-министрге бир нече жолу телефон чалдым. Аны таба албай жатам. Акыбалды түшүнүп турасыздар. Анан өзүмдүн арызымды жазгам. Бирок, Түп, Жети-Өгүз, Аксу, Тоң райондорунан жаштар, аксакалдар келип менин арызымды кабыл албай тургандыктарын билдиришти. Эгер ушундай оор кырдаалда Ысык-Көл облусун таштап кете турган болсом экинчи мени кечирбей тургандыктарын айтышты. Бирок мен аларга өкмөт кетип калгандыгын, мен болбогон өкмөттүн өкүлү боло албашымды, моралдык укукка ээ эмес экенимди билдирүү менен бирге кетээримди дагы бир жолу айттым. Бирок, алар уруксат беришкен жок. Мен жаңы өкмөт дайындалып, облуска ыйгарым укуктуу жаңы өкүл келгиче кызматымды аткарам”, – деди Түлөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: