Бүгүн, 7-октябрда “MegaCom” имаратына куралчан адамдар келишти. Алар ичкери киришти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алардын саны 15-20 адам.
Айрым кызматкерлер көчөдө туруп, имаратка киргизилбей жатышат.
Эске салсак, компания 100% мамлекеттин карамагында.
Абай Бекбоев директордун креслосунда отурат, Улан Баялиев дагы отурат. “Алар өздөрүн Темир Сариевдин жакын туугандары деп аташат” деп белгилешет компания. Ичинде дагы кызматкерлер бар.
Бекбоев – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун экс-прокурору жана ага кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ