Menu

Бизнес өкүлдөрү Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыковду премьер-министрдин кызмат ордуна сунушташты

Бөлүшүү:

Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев бизнес өкүлдөрүнүн атынан Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыковду премьер-министрдин кызмат ордуна сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

“Биз, бизнес өкүлдөрү, көпкө чейин унчуккан жокпуз. Биз ар дайым мыйзамды сыйлап келгенбиз. Биз ар дайым коомубуздун бардык адеп-ахлактык принциптерин сактадык” – деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө мамлекеттин бюджетин 90%га толтурууну жана көптөгөн жүз миңдеген жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылган өлкөнүн бардык ири бирикмелеринин башчылары премьер-министрлик кызматка Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковго бирдиктүү талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкандыгы белгиленет.

Аскар Сыдыков Кембридж университетинин бүтүрүүчүсү, үч чет тилди эркин билген, коррупциялык жаңжалдарга аралашпаган, бизнести башкаруунун бардык аспектилерине жана жөндөмдөрүнө ээ, бардык мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттене алган, эч кандай саясий партия менен иштешпегени айтылат.

“Жогоруда айтылгандардын бардыгын эске алып, бизнес-ассоциациялар коалициясынын өкүлдөрүн саясий партиялар тарабынан түзүлгөн Координациялык кеңештин курамына киргизүүнү, ошондой эле биз сунуш кылган маселени КР ЖКнын кезексиз сессиясында башка талапкерлер менен бирдей негизде адилеттүү кароону талап кылабыз” – деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: