8-11-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
10-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
11-февралда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ