Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кылмышкерлердин өкүлдөрүнүн Кыргызстандын саясий процесстерине катышуусунун алдын алуу боюнча иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда борбор калаада журналисттер менен жолугушууда Курсан Асанов билдирди.
«Бизге ар кандай маалыматтар түшүп жатат. Анын ичинде Бишкекке, Ошко жана Жалал-Абадга ар кандай кылмыштуу топтор келип жаткандыгы. Алардын артында кимдер тургандыгын аныктап, иштейбиз. Оперативдик иштер ар тараптуу жүргүзүлүп жатат», – деди ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов Бишкекте башаламандык болуп, Ак үй басылып алынгандан кийин, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Ички иштер минитсринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ