Menu

Алматыда сот марафондо кармалган дагы эки активистке айыппул салды

Бөлүшүү:

Алматы шаардык адистештирилген административдик соту марафон учурунда кармалган активисттер Айдос Нурболатов менен Айгүл Нурболатовго 20 айлык эсептик көрсөткүч (50 500 теңге) көлөмүндө айыппул салды. Сот отуруму 22-апрель күнү кечке маал өттү.

Ага чейин акциянын дагы бир катышуучусу Сулубийке Сулейменовага да ушундай эле көлөмдөгү айыппул салынган. Сот анын кош бойлуу экенин эске алып, бул сумманы 30 пайызга кыскарткан.

Үчөө тең “тынч жыйындарды өткөрүү же уюштуруу эрежелерин бузууга” айыпталууда. Активисттердин адвокаты соттун токтомун арызданарын айтты.

21-апрелде Алматыда марафон өтүп жаткан маалда полиция жол жээгинде “Чындыктан кача албайсың, менде тандоо бар, адилет шайлоо үчүн” деген баннерлерди көтөрүп алган беш активистти кармап кеткен. Ал күнү Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбаев 15 суткага камалган. Айыпталуучулардын адвокаттары сот чечимине каршы доо арыз жазарын билдиришүүдө.

22-апрелде активисттердин тобу Алматы шаардык сотунун алдында чогулуп, Асия Тулесова менен Байбарыс Толымбаевди бошотууну талап кылышкан.

Казакстан ички иштер министри Ерлан Тургумбаев кармалган активисттер “марафон өткөрүүгө тоскоолдук жаратканын” билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: