“Азыркы болуп жаткан көрүнүш негизги профилактикалык иш-чаралардын такыр сакталбаганы (маска кийүү, физикалык аралыкты сактоо, кучакташуу ж.б.) жемишин бере баштады.
Эки жумалык өсүү темпи 154% ды түзүп, натыйжалуу репродуктивдик сан (1.4) инфекциянын жайылышынын тездеп жатканын билдирет.
Кечээ жана бүгүн эң көп жаңы учурлар катталды, ушундай эле сан акыркы жолу 53 күн мурун (августтун башында) катталган. Эгерде буга чейин түштүктө кырдаал курч болсо, азыркы тапта Бишкек шаарында да эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетиши мүмкүн экендиги байкалууда», – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн-брифинг учурунда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ