Бүгүн, 13-июлда экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан Текебаев/Чотоновдун сотунда көрсөтмө берип жатып, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын хронологиясын айтуу учурунда, Кыргызстандын ичинде жүргөн Россиялык идеолог Алексей Василивецский тууралу белгилеп кетти.
“2010-жылы 7-апрель күнү кечки саат 7лерде мен премьер-министр Данияр Үсөновдун арызын жаздырып алып, Жогорку Кеңештеги менин кабинетимде жолуктук. Мен: “мына, өкмөт отставкага кетти, президент Бакиевден да дайын жок, ал да кетти” деп 14 адамдан турган Убактылуу өкмөт түздүк. Түндө саат 12лерде “Форумда” да жолугуп, Убактылуу өкмөттүн иштерин талкууладык. Мунун баарын эмне айтып олтурам, баары эле билет да, алтургай бул жерде жүргөн Россиялык идеолог Василивецский да мунун баарын, хронологиясын жазып китеп кылып чыгарбадыбы”, – деди Роза Отунбаева.
Эсиңиздерге сала кетсек, КСДПнын жаштар канатынын мүчөсү Ренат Самудинов бир нече күндөн бери Россиянын жараны Алексей Василивецский 2010-жылдан бери Ак үйдүн 7-кабатында отурукташып, КСДПнын ички саясатын, идеологиясын аныктап келатканына, шайлоолордо идеолог болгонуна, партиянын мүчөлөрүн чакырып алып тапшырма бергенине, чет элдик жаран экенине карабай стратегиялык объект болгон Ак үйдүн үстүнө чейин чыгып жүрөрүнө кыжыры кайнап, “эмне үчүн чет элдик жаран бизди башкарат? эмнеге биздин ички иштерге кийлигишет?” деп расмий билдирип, нааразы болуп келет.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ