2017-жылдын 10-июлунда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Свердлов районунда баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген Бишкек шаарынын 51 жаштагы М.Б. аттуу жашоочусу кармалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Шектүүнү текшерүү учурунда колунда ак түстөгү мүшөк бар болуп, ичинен скочтолуп оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү жапайы өскөн кара куурай табылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстперттик-криминалисттик борбордун жыйынтыгы менен 2 кг салмактагы марихуана баңгизаты (кургатылбаган) экенин аныкталды.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесине (баңгикаражаттарды, психотроптук заттарды мыйзхамсыз даярдоо, ээ болуу, сактоо, ташуу же берүү) ылайык кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ