Menu

Албек Ибраимов кетмейин Бишкек оңолбойт

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кызматын өткөрүп берип эле кетип калса болмок экен. Бул жигит Сооронбай Жээнбековду президент катары кабыл алалбай жатса керек, отчётту түз эле экс-президент атамбаевге барып берет экен. Мындай жоругу менен бул жигит шаарды мындан ары өнүктүрө албайт. Интриганын үстүндө кылтыңдагандар ишти ириткенден башка колунан кокон тыйын келбейт эмеспи. Анын үстүнө Бишкек шаарындагы абал да оорлошуп кетти. Мыйзамсыз салынган имараттар, бузулган жолдор, маршрутка жетпеген жаңы конуштар, тазалык маселеси абдан зээнди кейитүүдө. Бишкек шаарынын башчылыгына жаңыча ой жүгүрткөн, интиргадан алыс, коррупцияга малынбаган таза адам керек. Албек Ибраимов мурдагы бийликтин кишиси, демек мурдагы бийлик менен чогу кетиши керек. Коррупцияга байланышкан иштери болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу абзел. Бакиевдердин жерлерин махинациялаганы боюнча да жоопкерчиликти тартпаса болбойт.

Булак: Ачык саясат

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: