Menu

Өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өттү

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын болду. Анда бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан, коронавирус инфекциясы пандемиясы күч алып жатканы белгиленди.

Бул кооптуу илдет  бир сутка ичинде 245тен ашык жаранга жукту. Өлүм дагы катталды. Жарандарга санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү керектиги айтылды.

Жыйында негизги маселелердин бири болгон 2021-жылы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чекте болоорун  эске алуу менен республикалык бюджеттин аткарылышы жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттик органдар буга чейин кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантышат”, – деп белгилешти жыйындын катышуучулары.

Мындан тышкары мамлекеттик органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

«Бардык социалдык мекемелер керектүү көлөмдө көмүр менен камсыздалып, ал эми жылуулук электр борборлору жылытуу мезгилине толугу менен даяр болушу керек», – деп жыйынында баса белгиленди.

Бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте иштөө жана жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: