Ош облустук ички иштер башкармалыгы кылмыштуулук менен күрөшүүдө коомдук тартипти камсыз кылууда күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда өлкөдөгү саясий окуялардан соң айрым жерлерде белгисиз жарандардын тобу райондук администрация, соода түйүндөрүнө барышып мыйзамсыз аракеттерди жасоого аракеттер болуп жатат.
“Мындай ар бир аракеттин артында жарандарыбыздын укуктары тебелене тургандыгын унутбасак. Ар бир зыянга учураган мүлк жарандарыбыздын менчиги болуп санааларын эстен чыгарбасак. Кандай гана аракет болбосун мыйзам чегинде болуусун жарандарыбыз талап кылышууда. Ошондуктан мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу, жарандардын укуктарынын тебеленишине жол бербөө жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында ыктыярдуу элдик кошуундар менен ички иштер органдары биргеликте иш алып барышууда.
Кечээ, 7-октябрь күнү Ош облусунун Алай, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунда коомчулуктун өкүлдөрү менен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш ордуна бөлүштүрүү нускамасы өткөрүлдү. Алар 24 саат бою коомдук тартипти биргеликте камсыз кылышат. Мыйзамдын сакталышына кайдыгер болбостон жарандык милдеттерин аткарып жаткан жарандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Эгерде мыйзам бузууларга аракеттер болсо жакынкы ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюңуздарчы суранабыз. Ар бир укук бузуулар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ар бир мыйзамсыз аракеттерге юридикалык баа берилет. Ар бир жаранды мыйзамды сыйлоого чакырабыз”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ