Партиялардын координациялык кеңеши премьер-министрдин кызмат ордуна саясий партиялардан талапкерлер боюнча чечим кабыл алды.
Ошентип, “Республика” партиясы, мурда убада кылынгандай, бул кызматка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтсө, “Бир Бол” – Алтынбек Сулайманов, “Ата Мекен” партиясы буга чейин айтылган Тилек Токтогазиевди сунуштап жатат.
Азырынча “Реформа” партиясынан эч ким көрсөтүлгөн жок.
“Негизинен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бул кызматка тажрыйбалуу адамды сунуштоо керек. Болбосо, “каралар” бийликке келишет. Абал өтө кооптуу. Амбиция жок, жөн гана компромисстерди издөө керек”, – деди Клара Сооронкулова.
Ошондой эле, ЖКнын айрым депутаттары добуш берген Садыр Жапаров дагы талапкерлигин койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ