“Кара-Кече” филиалынын кассасынан 2020-жылдын 7-октябрында алынган акча толугу менен Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин бухгалтериясына кайтарылды. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Кечедеги «Кыргызкөмүр» филиалында 2020-жылдын 6-октябрында көмүрдү мыйзамсыз экспорттоо, ошондой эле автоунаалар жана алардын мамлекеттик номурлары видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.
Кара-Кечеден көмүрдү документтерсиз жана акысыз алып кеткен айдоочулардын баарынан филиалга акча төлөп берүүнү же Бишкек шаарындагы башкы кеңсеге келүүнү суранат.
“Ошондой эле төмөнкү номерлерге чалса болот: 0312301174, 0312301180. Азыр Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Ушул фактылардын баарына юридикалык баа берилет. Көмүрдү алып чыккан унаалардын так санын укук коргоо органдары аныктап, иш видеокамералар аркылуу көзөмөлдөнүүдө. “Кара-Кече” филиалы күнү-түнү 24 видео байкоо камераларын иштетет”, – деп айтышты “Кыргызкөмүрдө”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ