Бүгүн, 8-октябрда Өкмөт үйүнүн жанында Садыр Жапаровду колдоо митинги уланууда. Адамдардын саны өсүүдө, эски аянтта 800гө жакын адам, анын ичинде элдик кошуундар дагы бар.
Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн ичинде экени белгилүү болду. Азырынча ал жерде так эмне талкууланып жатканы жана андан башка жолугушууга кимдер катышканы белгисиз.
Мурунку депутаттын тарапташтары аны аларга чыгат деп күтүп жатышат.
Эскерте кетсек, Бишкекте төрт күндөн бери ар кайсы жерлерде митингдер өтүп жатат. Садыр Жапаровдун тарапташтары аны премьер-министр кылып дайындоону талап кылышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ