Menu

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматка мыйзамсыз келип олтурганы жатат”

Бөлүшүү:

“Дүйшөмбү күнү биз Садыр Жапаровго кызматтык машина  жана жан сакчыларды бергенбиз. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн кызматын толук мыйзамдаштыра алган жок. Ошондуктан машинаны жана жан сакчыларды кайра алып койдук”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда  КР күч структураларынын координатору, генерал Өмүрбек Суваналиев KyrgyzToday.kg маалымат агенттигине.

“Биз бүгүн өлкөнүн күч структуралары жалпы кеңешме өткөрүп, анда саясаттан тышкары бололу, өлкөдө коопсуздукту, мыйзамдуулукту камсыз  кылалы, тартипти калыбына келтирели деп чечтик. Ал эми премьер-минисрликти 5-6 партиянын лидерлери  талашып жатышат. Анын ичинде Садыр Жапаров да бар. Саясатчылар өз ара чечишип алышсын. Жогорку Кеңештен толук кандуу бекитилип, ант берсин. Бардык процедураларынан өтүп, бизге мыйзамга ылайык толтурулган кагаздарды берсин. Ошондо биз ага кызматтык унаасын да жан сакчыларын да камсыз кылабыз. Ансыз биз мыйзамсыздыкка жол бербейбиз”, – деди генерал Суваналиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн Садыр Жапаров  “Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу, генерал Өмүрбек Суваналиев мени укпай жатат, бирге иштешели деп чакырсам келбейт, кызматтык машинам менен жан сакчыларымды тартып алып койду”,  деп билдирген эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: