Menu

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатымды кайтарып бергиле деп БШКга арыз жазды

Бөлүшүү:

БШКга “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден БШКнын 2017-жылдагы Жогорку Кеңешинин депутаты мандатынан ажыратуу боюнча эки чечимин жокко чыгаруу тууралуу билдирүүсү келип түштү. Эртең Борбордук шайлоо комиссиясы ал арызды  карай турганы такталды.

Арыз ээси анын кылмыш иши боюнча соттордун бардык чечимдери Жогорку Сот тарабынан жокко чыгарылып, материалдар жаңы жагдайлар боюнча кароого жөнөтүлгөнүн белгиледи. Өмүрбек Текебаев соттолгон деген статуска ээ эмес. Ал айыпталуучу катары өтөт, бирок соттун чечими чыкканга чейин депутат боло алат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. Бардык инстанциялардын соттору аларды КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табышкан.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жиберген. 29-августта алар үй камагына бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: