Бүгүн, 10-октябрга карата Кыргызстанда дагы 307 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 53, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 16, Ош облусунан – 69, Талас облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 59, Баткен облусунан – 71, Нарын облусунан – 3 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 48 924кө жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 130 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 44 227ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 16 адам; Чүй облусунан – 12, Ош шаарынан – 13, Ош облусунан – 31, Нарын облусунан – 14, Талас облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 28, Ысык-Көл облусунан – 5, Баткен облусунан – 10.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 5 учуру: Ош облусунан – 3, Баткен облусунан – 2 катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1082ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ