КСДП парламенттик фракциясынын өкүлү Кодуранова Асел Союзбековна Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Мындай маалыматты Жогорку кеңештин басма сөз кызматы жарыялады.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Асел Кодуранованы вице-спикер болуп шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Асель Кодуранова 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юрист” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1988-жылы Фрунзе политехникалык институттун комсомолдук комитетинде иштөө менен баштаган. 1991-1993-жылдары – ордо калаанын Биринчи май райкомкомсомол комитетинде сектор башчы. 1994-2009-жылдары – КСДП партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, КСДП партиясынын төрагасынын уюштуруу жумуштары боюнча орун басары. 2009-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. 2010-жылы – КР Убактылуу Өкмөтүнүн Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы. 2011-2012-жылдары – «Кыргызтелекомдун» Директорлор кеңешинин мүчөсү. 2012-2015-жылдары – КР Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы. 2015-жылдан тарта – VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ