Бүгүн, 10-октябрда Өкмөт үйүнүн жанында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыры Жапаровду колдоо митинги уланууда.
Эски аянтка 500дөй адам чогулган. Алар “Садыр! Садыр!” деп кыйкырып турушат.
Алардын алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн бири Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматка келип, иштеп баштаганга чейин адамдарды Өкмөт үйүндө турууга чакырды.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Жыйында депутаттар президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыгын талкуулайт жана бекитет.
Экинчи болуп КР Премьер-министрлигине Садыр Жапаровдун талапкердигин бекитүү маселеси каралат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ