Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты.

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдарынын көңүл борборунда биринчи кезекте коомдогу тынчтык жана туруктуулук менен эл турмушунун коопсуздугу турушу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен күч органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуунун маанисине көңүл бурду.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев өзгөчө абал режиминин алкагында аскер кызматкерлери кызмат кылуусун, анын ичинде Бишкек шаарынын комендатурасы менен өз ара аракеттешүүсүн улантып жатканын маалымдады.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров кечээ жакында Бишкек шаарында 5-6-октябрь күндөрүндөгү окуялардын жүрүшүндө жаракат алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин абалынан кабар алганын билдирди.  Аларга Кыргыз Республикасынын Башкы командачысынын атынан материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганына токтолду. Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирген Алмазбек Орозалиев буга байланыштуу коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: