Ош шаардык соту 9-октябрда Тилек Матраимовго карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматтар боюнча, ал бир айга, башкача айтканда, 2020-жылдын 9-ноябрына чейин УКМКнын Ош облусундагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 7-октябрда чек арадан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп жатканда (дарыя аркылуу) Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалган.
Т.Матраимов 6-октябрга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматын ээлеп келген.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ