Menu

Садыр Жапаров: “Кыргызстандын паспортуна кайрадан “улуту” деген графа кирип жатат. Мен бул маселени 2 күндүн ичинде чечтим”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жарандарынын паспортторунда кайрадан “улуту” деген графа пайда болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандык паспорттогу бул графанын кайтарылышы “Мекенчил” партиясынын программасында бар болчу.

“Бүгүнтөн баштап “улуту” деген графа кирип жатат. Мен бул маселени эки күндүн ичинде чечтим. Эми ким кааласа паспортко улутун жаздырса болот,  каалабаса жаздырбай ала берсе болот. Бирок, эртеңден баштап берилбейт, анткени Мамлекеттик каттоо кызматы техникалык себептерден улам 60-90 күн убакыт сурады. 90 күндөн кийин жаңы паспортторду бере байташбыз деди”, – деди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: