Menu

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун эксперттери Фарид Ниязовго барып жолугушту

Бөлүшүү:

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун эксперттери Президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов менен УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге барып жолугушту. Бул тууралуу аталган уюм журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, камакка алынган адамдар камактын шарттарына жана кызматкерлерине нааразы эмес.

Алар дагы деле болсо Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганы такталды. Алар СИЗО-1ге өткөрүлүп бериле элек. Баш коргоо чарасы үй камагына өзгөрүлгөн Темирлан Султанбеков гана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун атына арыз жазып, анда атайын даярдыктагы аскер кызматкери аны кыйнап коркутканын, ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенде, милиция кызматкерлеринин бири аны сабап салгандыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: