“Президенттин отставкасы боюнча сүйлөшүүлөр жигердүү жүрүп жатат, Кудай буюрса, жакында бүтүрөбүз”. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда саясатчы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, премьер-министр Садыр Жапаров жана Ташиев өзү президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөргө катышууда.
Учурда Ташиев мамлекеттик резиденцияда.
«Мен адамдарды тынч, токтоолукка үндөйм. Бардык маселелерди макулдашуу менен чечишибиз керек. Жолдорду талкалоо жана тосуу болбошу керек, резиденцияга жакындоо болбошу керек.
Элдер “Ысык-Көл” мейманканасына чогула башташты деп жатышат. Коомдук тартипти бузбаңыздар жана эч жакка жылбаңыздар. Бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечебиз», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ