Menu

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүү башталды

Бөлүшүү:

21-декабрда Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы башталды. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия, Иран жана Түркия кепил болуп жаткан бул сүйлөшүүгө өкмөт менен оппозиция өкүлдөрү келишкенин ырастады.

БУУнун өкүлдөрү менен жолуккандан кийин оппозиция жаңжалды саясий негизде жөнгө салыш үчүн Орусия Башар Асаддын өкмөтүнө басым көрсөтүшү “болуп көрбөгөндөй маанилүү” экенин жарыялады.

Оппозиция мунасага жетиш үчүн Асаддын президенттиктен кетишин талап кылып жатат. Орусиянын жардамы менен оппозицияны, андан тышкары террордук топторду негизги аймактарынан сүргөн Асад болсо кызматтан баш тартпай турганын билдирген.

Жети жылга созулган жарандык согушта Сирияда 330 миңден ашуун киши өлүп, миллиондор тынчтык издеп үй-жайынан безди.

БУУ колдогон дагы бир сүйлөшүү Женевада өтүп келет. Ал да азырынча натыйжа бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: