Menu

Өзбекстанда киноөндүрүш тармагындагы коррупция иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бир нече кинотасманы, анын ичинде көп сериялуу «Мен — Жалолиддин» аттуу фильмди тартууда «өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттын уурдалышы» боюнча тергөө иштерин баштады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 11-сентябрда «Өзбеккино» улуттук агенттигинин бир нече жогорку кызматтагы өкүлүнө каршы кылмыш иши козголгон.

«Өзбеккинонун» басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, тергөө иши «Мен — Жалолиддин» тасмасынан тышкары дагы 13 фильмди тартуудагы акча кымыруу боюнча жүрүп жатканын билдирди.

– Быйыл июнда Каржы министрлиги мамлекет тарабынан 2017-2019-жылдарга тасма тартуу үчүн бөлүнгөн каражаттын сарпталышы боюнча текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 17 миллиард сум максатсыз пайдаланылганы аныкталган. Азыр бул материалдарды Башкы прокуратура карап жатат, — деп билдирди басма сөз кызматтын өкүлү.

6-октябрда өлкөнүн Маданият министрлиги «Мен — Жалолиддин» тасмасын тартуу мамлекеттик бюджеттен каржыланбаганын, ага демөөрчүлөр каражат бергенин билдирген. 3-октябрда Чыңгызханга каршы күрөшкөн хорезмдик шах Жалилиддин Мангубердиге арналган тасманын алгачкы сериясы көрсөтүлгөн. Анда президенттин улуу кызы Саида Мирзиёева тасма толугу менен Өзбекстандагы «Orient Finans Bank» жеке банкы тарабынан каржыланганын айткан.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, «Өзбеккино» агенттиги «Мен — Жалолиддин» тасмасын тартуу боюнча Best organizer компаниясы менен келишим түзүп, анын эсебине ири өлчөмдө акча которгон.

Өзбекстанда киноөндүрүш тармагы эң коррупциялашкан тармактардын бири болуп эсептелет. 2014-жылы да «Өзбекфильм» мамлекеттик киностудиясында ири өлчөмдө акча уурдоо фактысы аныкталып, кылмыш иши козголгон. Анын жыйынтыгында киностудиянын жогорку кызматтагы бир нече кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыппул төлөшкөн. Бул окуядан кийин «Өзбекфильмдин» 51 жаштагы бөлүм башчысы Туляган Назаров имаратын жертөлөсүндө асынып алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: