Алмаз Атамбаев эмне үчүн КСДП президенттикке талапкер катары Чыныбай Турсунбековду эмес Сооронбай Жээнбековду тандай тургандыгын айтып берди. Бул тууралу akipress маалымат агенттиги жазып чыкты.
24-июнда Казан шаарында Россияга сапарын аяктап жаткан Алмаз Атамбаевден журналисттер президенттик шайлоого КСДПдан талапкер катары аттанганы камданып жаткан дагы бир КСДПнын мүчөсү, спикер Чыныбай Турсунбеков тууралу сурашты.
“Бизде, Кыргызстанда демократия. Ким кааласа президенттикке талапкер боло берет. Бирок КСДПдан бир эле талапкер чыгат. Мен ойлойм ал талапкер – Сооронбай Жээнбеков болот. Башкасы, эми өлкөдө жаңылбасам 200дөй партия бар, алар аркылуу же өзүн-өзү талапкердигин алып чыкса болот. Эч кимге эч кандай тоскоолдук кылбайбыз. Сооронбай Жээнбеков СДПКда 20 жылдан бери мүчө болуп келатат. Ал эми Чыныбай Турсунбеков ага салыштырмалуу СДПКга кечээ эле келди”, – деп жооп берди Алмаз Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ